Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде кыргыз жарандарынын Өзбекстанга чыгышына чектөө киргизилди

07.10.2022 12:05
559
“Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде кыргыз жарандарынын Өзбекстанга чыгышына чектөө киргизилди

Бүгүн, 7-октябрда “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Достук” бекетинде капиталдык курулуштун аякташына байланыштуу Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат. Мындан улам аталган көзөмөл бекети бүгүн чектөө режиминде иштейт. Ал өз учурунда адамдардын жана унаалардын топтолушуна алып келиши мүмкүн.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды түшүнүү менен кабыл алууну жана жолду алдын ала пландоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн