Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дүкөндөн 3000 сомдук куртка уурдаган аял кармалды

09.12.2021 11:58
534
Дүкөндөн 3000 сомдук куртка уурдаган аял кармалды

Дүкөндөн 3000 сомдук куртка уурдаган аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин  Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек районунун Исфана шаарында “Мадина” дүкөнүндө сатыкта турган базар баасы 3000 сомдук (үч миң ) куртканы белгисиз бирөө уурдап кеткендиги боюнча дүкөндүн ээси арыз менен милицияга кайрылган.  


Бул факты Лейлек РИИБнин КЖБРне уурулук беренеси менен катталып, Лейлек РИИБнин милициянын уполномоченныйлары Исфана шаарынын 32 жаштагы Э.З. аттуу (аял) тургунун аныктап кармашканда жанынан “Мадина” дүкөнүндөн жоголгон куртка табылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы аял бул кылмыштан башка дагы 2 дүкөндөн күндөлк керектелүүчү буюмдарды уурдап жүргөндүгү белгилүү болду. 


Азыркы учурда уурдалган буюмдар өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн