Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Кыргызстанда балдардын Кавасаки синдрому каттала элек

03.09.2020 16:29
987
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Кыргызстанда балдардын Кавасаки синдрому каттала элек


Кыргызстанда балдардын Кавасаки синдрому каттала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди. 


Анын айтымында, министрлик бул кооптуу ооруну аныктоого, дарылоого жана алдын алууга даярданууда. 


«Мурда COVID-19 улгайган адамдарга жана өнөкөт оорулары бар адамдарга кооптуу деп келсек, азыр балдар арасында да оор түрүндө өтүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Ошондуктан, балдардагы коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча сунуштар иштелип чыгып, алар 4-клиникалык протоколдо чагылдырылган. Ошондой эле Кавасаки синдромун COVID-19 менен айкалыштырып өзүнчө блокко бөлүү зарылдыгы келип чыкты жана буга байланыштуу дарыгерлерге балдардагы Кавасаки синдромун аныктоодо жана дарылоодо жардам берген документ иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Кавасаки синдрому Кыргызстанда катталган эмес" , - деди министрдин орун басары.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда коронавирус инфекциясынын Кавасаки синдрому түрүндөгү татаалдашкан көрүнүштөрүнүн балдарга тийгизген таасиринин өзгөчөлүктөрү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун отуруму болуп өттү. 


Эксперттик топтун курамына тажрыйбалуу балдар дарыгерлери (педиатрлар, балдар гематологдору, кардиологдор, кардио-ревматологдор, ревматологдор, реаниматологдор) кирди. Отурумда балдарда пайда болгон оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн