Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Душман алдында бөлүнбөй ынтымак бололу

29.04.2021 20:43
1006
Душман алдында бөлүнбөй ынтымак бололу


Бир боорлор, кыргызстандыктар!


Тажикстан тарап бүгүн биздин тынч жаткан элге кол салып, аткылап, жаӊжал жаратты. Алар, мындан бир топ күн мурда эле Баткен менен чектеш аймактарга, талаш жерлердин жака белине траншея казып, согушка даярдык көрүп жатышкан. Мындай маалыматтарды интернет булактарынан дагы көргөн элем, бирок Ыйык Рамазан айында канатташ элге кол салат деп күткөн эмесмин!


Башыбызга мүшкүл иш түшкөндө, сыноо келгенде түрдүү көз караштарга бөлүнүп, сын айтып, табалап карап турбайлы. Мекенден өткөн ыйык эч нерсе жок. Жаӊжалдын уланып, кан төгүүлөр болуп кетишинен Кудай сактасын! Бирок, мындай учурда айрым акылдуу саясатчылардын кадимкидей кубанып, табалап, бийликтин катачылыгын санап отурганын туура көргөн жокмун. 


Кол салгандар – баарыбыз үчүн душман. Душман алдында бөлүнбөй ынтымак бололу. 


Фейсбукта эксперттер, маалымат таратуучулар көп. Мен эмнени байкадым? Тажикстан тарап, “..бизге биринчи кыргыздар кол салды..”-деп бир башы канаган адамды жалпылап чыгарып, таратып жатышат. А биз болсо саясий көз караштарга бөлүнүп, эки-экиден урушуп жатабыз. Келгиле, курал алып чуркаганга жете элекпиз, жок дегенде маалыматтык жактан бирдиктүү, улуттун туусунун алдында бирге туралы!


Эгер, мекен үчүн аттаныш керек болсо, курал кармап, мекенди коргогонго ар намыс, дух жана жөндөм, ден соолук, күч кубат жетет!


Дайыр Орунбеков, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн