Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Душмандарың канчалык күчтүү болсо, жеңиштин даамы ошончолук таттуу болот

04.01.2024 10:29
400
Душмандарың канчалык күчтүү болсо, жеңиштин даамы ошончолук таттуу болот


Жылмайгандын баары дос эмес, ачуулангандын баары душман эмес.

(Монгол накылы)


Достон сактанганга караганда, душмандан сактанган жеңил.

(Алкмеон Кротонский)


Достор гана өтмүштө калат. Душман болсо дайыма сени менен бирге.

(Джо Аберкромби)


Өзүңө душман ашыргың келбесе, бирөөлөргө артыкчылыгыңды көрсөтпө.

(Артур Шопенгауэр)


Жырткыч карышкырдан качкандын уяты жок.

(Ольга Громыко)


Душманыңды, анан өзүңдү бил: ошондо канча жолу салгылашсаң да жеңилбейсиң.

(Сунь Цзы)


Душман менен макулдашпай, согушуш керек.

(Иосив Сталин)


Душманга ор казганга караганда, доско ор казган жеңил.

(Михаил Веллер)


Жаңы душман гана кыйкырып, өкүрөт. Эски душман болсо мисирейип, эчтеке билдирбейт.

(Мефодий Буслаев)


Сен душмандан да жамансың! Сен чыккынчысың!

(“Стиляги” тасмасынан)


Жаман адамдын досу болгондон көрө, жакшы адамдын душманы болгон дурус.

(Япон накылы)


Душманын баалабаган киши дайыма жеңилет.

(Анна Гаврилова)


Душман ар бир кишиде бар. Ансыз жашоо кызыксыз болуп калмак.

(Сергей Лукьяненко)


Мен дегеле душманы жок кишилерге ишенбейм.

(Дези Бребл)


Эрдикке таң бериш керек, атүгүл ал душманың болсо да.

(Александр Дюма)


Душман жок болсо согуш да болбойт.

(Лао Цзы)


Душманга ээ болуш үчүн согуш ачуунун зарылдыгы жок. Эмне ойлогонуңду айтсаң эле жетиштүү.

(Мартин Лютер Кинг)


Күзөтчүлөрүм мени душмандарыман коргойт, ал эми досторуман ким коргойт?

(Гай Юлий Цезарь)


Сүйлөгөн душман – жарым-жартылай эле душман.

(Ник Перумов)


Акылдуу душмандар дайыма бири-бири менен тил табышат. Анан келесоо душманга каршы аттанышат.

(Олга Громыко)


Дос дегениң – бул тааныш душман эле.

(Курт Кобейн)


Келжиребе, душман угуп турат.

(Станислав Ежи Лец)


Эгер адамдарды баш коштургуң келсе, аларга чуманы жибериш керек.

(Альбер Камю)


Өлтүрө албаган кишиңди жарадар кыла көрбө.

(Эдди Брок)


Душманын саткан бир күнү досун да сатат.

(Ольга Громыко)


Эгер душманың сени мактай баштаса, демек, бир ката кетиргенсиң.

(Фердинанд Август Бебель)


Эгер өзүңө душман ашыргың келсе, досторуңан өйдө бол. Эгер дос ашыргың келсе, досторуң сенден өйдө болушсун.

(Франсуа де Ларошфуко)


Душмандарың канчалык күчтүү болсо, жеңиштин даамы ошончолук таттуу болот.

(Ли Юн Сон)


Эч ким сага дос эмес, эч ким сага душман эмес, баары сага мугалим.

(Чыгыш накылы)


Душманыңдын күчтүүлүгүнөн эмес, өзүңдүн алсыздыгыңан коркуш керек.

(Исхак Раззаков)


Душманыңдын жылмайганынан досуңдун үтүрөйгөнү жакшы.

(Англис накылы)


Адамга анын досторуна жана душмандарына карап баа бериш керек.

(Джозеф Конрад)


Сага багынып берген душмандан этият бол!

(Роберт Бертон)


Душманын кечирип көрбөгөн киши жашоонун эң бир чоң жыргалын сезбейт.

(Иоганн Каспар Лафатер)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн