Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дүйнөдө COVID-19дан айыккандардын саны 2 миллионго жакындады

22.05.2020 15:59
972
Дүйнөдө COVID-19дан айыккандардын саны 2 миллионго жакындады

 

Дүйнөдө коронавирус илдетинен сакайгандардын саны 1 960 223 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, инфекциядан айыккандар АКШда 298 418, Германияда 158 827, Испанияда 50 376, Италияда 134 560, Бразилияда 125 960, Түркияда 114 990, Иранда 100 564, Россияда 99 825, Кытайда 79 329, Францияда 63 976 бейтапка жетти.


Ал эми Кыргызстанда 22-майга карата вирустан айыккандардын саны 949 адамды түздү.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 5 118 416 бейтапты түздү.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн