Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 2 миллионго чамалады

14.04.2020 09:29
1052
Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 2 миллионго чамалады


Дүйнөдө COVID-19 пандемиясын жуктургандар 1 919 913 адамга жетти. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандар АКШда 581 918, Испанияда 177 099, Италияда 159 516, Францияда 137 877, Германияда 130 072 адамга жетти. Ал эми Кыргызстанда 13-апрель саат 10:00гө карата 419 кишиден вирус табылган.


Инфекциядан каза болгондордун саны 119 666 жетти. Апааттан АКШда 24 миңге жакын, Италияда 20 465, Испанияда 17 756, Францияда 14 967 киши каза болду.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн