Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен кызматташуусун улантууга кызыкдар

18.03.2022 15:40
668
Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен кызматташуусун улантууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.


Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирди.


Ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары карай ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.


Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын белгиледи.


Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.


Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн