Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Дүйнөлүк банк вакцина сатып алуу үчүн Кыргызстанга 25 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк вакцина сатып алуу үчүн Кыргызстанга 25 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын калкы үчүн вакциналарды сатып алууга 20-25 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви билдирди.


Анын айтымында, Дүйнөлүк банктын акчасына Кыргызстан кандай вакцина сатып алат деген маселени кыргыз тарап чечет. Бирок, бул вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган болушу  керек.


Дүйнөлүк банк ошондой эле, дистанциялык билим берүү менен байланышкан кемчиликтерди жоюуга багытталган "Бардыгын үйрөнүү" долбоору үчүн 50 миллион доллар бөлөт.


"Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жалпы суммасы 763 миллион долларга 24 долбоорду ишке ашырып жатат. Анын 100 миллион доллардан бир аз ашыгы буга чейин сарпталды. Акыркы 5-6 айда долбоорлорду ишке ашыруунун басаңдашы байкалды өлкөдөгү саясий процесстерге байланыштуу",- деп түшүндүрдү Навид Хасан Накви.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн