Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕБ Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө 2 млн евро бөлөт

02.11.2021 14:51
627
ЕБ Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө 2 млн евро бөлөт

Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 2 миллион евро берет. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги economist.kg'ге билдирди.


Ведомствонун жетекчилиги Эстониядан келген Электрондук башкаруу академиясынын (eGA) өкүлү Тынис Мяэ менен жолуккан. Кызматташуу боюнча талкуу Европа биримдиги менен Кыргызстандын Twinning/Европа программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.


Анын алкагында санариптик саясатты, укуктук-ченемдик базаны жакшыртуу жана өлкөнүн санариптик потенциалын өнүктүрүү пландалууда.


Анда төмөнкү иштер аткарылат:


Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте санариптик билими бар жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздап, мамлекеттик жана жеке кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги менен биргеликте жарандардын маалыматын коргоо жана купуялуулугун сактоону жакшыртуу;

УКМК менен биргеликте мамлекеттик мекемелерде киберкоопсуздук жана кибертуруктуулукту жогорулатуу;

Долбордун негизги максаты санариптик билим берүүдөгү теңсиздикти жана жумушсуздукту азайтуу, санариптик өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат. Программаны Электрондук башкаруу академиясы (eGA) жүзөгө ашырат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн