Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын жыйынында Евразия экономикалык союзунун (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин жарандарын Россиядагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү тууралуу маанилүү маселе каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын ЕЭКтеги министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, талкуу учурунда ал кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурлары көбөйүп жаткандыгын белгилеген.
"Акыркы убакта социалдык тармактарда жана ЖМКларда Кыргызстандын жарандарына документтерди текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын орой мамилеси жөнүндө маалыматтар улам-улам чыгып жатат. Айрыкча Москва шаарындагы "Бодрость" мончо комплекси менен байланышкан акыркы окуя чоң кооптонууну жаратууда", - деген ал.
Министрдин айтымында, бул окуя жана текшерүүлөрдүн видеолорунун жарыяланышы комиссиянын мүчө-мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерине көлөкө түшүрүүдө.
"Мындай мыйзамсыз мамилелер, айрыкча тынч эмгектенген жарандардын ар-намысына шек келтирген катаал аракеттер, тийиштүү органдардын тез арада көңүл буруусун жана тийиштүү реакциясын талап кылат.
Миграция, эмгек укуктары жана ЕАЭС жарандарын коргоо маселелери укуктук талаада, дискриминациясыз жана ашыкча күч колдонбостон чечилиши керек", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн