Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 автоунаа тапшырды

06.04.2022 11:47
446
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 автоунаа тапшырды



2022-жылдын 6-апрель күнү ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 автоунаа тапшырды. 


Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

“Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39 милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз. Мунун негизинде Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМдин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн олуттуу колдоо көрсөтө турган “Ниссан-Патрол” эки автоунаасын туристтик-экологиялык милициясына тапшырып жаткан Элчи мырзага жана ЕККУнун Программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем. Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”, - деди министр Улан Ниязбеков.

Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жогору баалайт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн