Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«ЭСКИ» жана «ЖАҢЫ»

09.03.2021 18:11
1881
«ЭСКИ» жана «ЖАҢЫ»


Мезгил барат «жаңы» - «эски» деп бөлүнүп,

Ачык эле айтылып  да, көрүнүп,

Жаңылыкты колдоор элем кош колдоп,

«Эскилерге»  турбаса «жаңы» сөгүнүп.


Мейли мезгил «жаңы» - «эски» деп чектесин,

Улуулардын  «эскилерин» эстесин.

Биз ортодо байкоо салып туралы,

«Жаңы» барып «жардан алыс кетпесин»!


Сырттан эмне келсе болду – «жаңы» деп,

Мезгил, кокус, жаңылбасын, тактасын.

Чет жердеги  жерип бүткөн «эскилер»,

Балким, бизге, «жаңы» болуп жатпасын!


Ырас, эртең, ал «жаңы» да эскирер,

«Эскилерин» пайдубалым-деп билер.

Унутулбай калкып чыгаар ошондо,

Мезгил  бүгүн жерип жаткан «эскилер».


Сулайман Рысбаев, балдар жазуучусу 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн