Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эдил Байсалов: Январь айынын орто ченинде Кыргызстанга "омикрон" келиши мүмкүн

Эдил Байсалов: Январь айынын орто ченинде Кыргызстанга "омикрон" келиши мүмкүн

Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек.


Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөө жасатышы керек», - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алмаз
Сен келет деп күтпө, кудай сактасын де.Келбей эле койсун.