Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эдил Байсалов: Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж

27.10.2022 09:37
247
Эдил Байсалов: Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.


Эдил Байсалов өз сөзүндө Мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан катышуучуларды Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.


«Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми, ал демократиялык мамлекеттерде орун алган маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Акыйкатчы институтунун ишиндеги негизги нерсе – адамдарга карата формалдуу мамиледен алыстап, кайрылуулар үчүн «почта ящигине» айланып калбоосу зарыл”, - деп белгиледи Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары.


«Албетте, Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж, бул институт акыйкаттуулуктун жана адамдын мыйзамдуу укуктарынын чыныгы жактоочусу болушу керек», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.


Белгилей кетсек, «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жакынкы жана алыскы 7 өлкөнүн Акыйкатчылары жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн