Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду сынга алды.
Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комитеттин чечимине кол койбогонун популизм деп атады.
"Чыңгыз Айдарбеков өзү каалаганча "каршы" добуш бере берсин. Бирок көпчүлүк кабыл алган чечимге кол коюуга милдеттүү",- деди Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн