Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:07
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Эдил Байсалов: Дөөлөт Сыдыков "хайп" үчүн аянтта токтоосуз 14 саат Манас айткан

05.05.2022 17:11
4675
Эдил Байсалов: Дөөлөт Сыдыков "хайп" үчүн аянтта токтоосуз 14 саат Манас айткан

Дөөлөт Сыдыков 


Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады.

Алгач мамлекеттик Манас театры негизделип, андан соң ага улуттук статус берилди. Өлкө жетекчилиги улуу өнөрдүн ээлери татыктуу айлык-акы алып, турмуш шартынан кыйналбасын деп айлык-акыны дагы татыктуу коюп берди. Ушул күндөрү манасчылар, төкмө акындар, дастанчыларыбыз эч кимдин көзүн карабаган, мамлекеттик камкордугундагы өнөр ээлерине айланды.

“Манас эпосу – кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу”, - деп Чыңгыз Төрөкулович айткандай, бул өнөр жылоологон таланттарга мамлекет камкордугун мындан ары дагы улантат. 

Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду. 

Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым. 

Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул, Сагымбай, Саякбай эмне Манастын ишинен күмөн санап, сөзүн калп көрүп, терсаяктанышат беле? Же Балык ооз манасчы Байтиктин айтканын жалган дейт беле?

Дөөлөт Сыдыков Гиннес китепке эң узак Манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен.

Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак Манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннестин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет. 

Мен Ала-Тоо аянтына туруп алып, 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, Манас айтканда бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны Манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура.


Эдил Байсалов

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Джамал Аманбаева
Эдил Байсаловдун денгээлине таныркап жатам чынында, манас эпосун айтуу ар кимдин колунан келе берес иш. Манас эпосун кудайым колдогон касиеттуу кана адам айта алат. Касиеттуу адамыбызды барктап баасын билбеген биздин бийликтин денгээлине ыйман берсин. Эми Доолот Сыдыков менен президент Садыр Жапаровдун суйлогон создору эки ачакей болуп турат кимисине ишенээринди билбейсин бирок убакыт коргозот кимиси калп суйлогонун.