Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эдил Байсалов Эне тил күнүнө арналган тегерек столго катышты

15.02.2023 15:17
230
Эдил Байсалов Эне тил күнүнө арналган тегерек столго катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эне тил күнүнө карата бир айлыктын алкагында өтүп жаткан “Улуттун тамыры – эне тил” аттуу тегерек столго катышты.


Куттуктоо сөзүндө Эдил Байсалов белгилегендей, министрлер кабинети республикада жашаган бардык этностордун эне тилин коргоо жана жайылтуу маселесин жактайт.


«Кыргыз Республикасында 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Биздин Конституциянын 13-беренесинде кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил катары белгиленген. Ушул эле берененин үчүнчү пунктунда Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө элибиздин бардык этносторунун эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденгендиги көрсөтүлгөн”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана өлкөнүн мамлекеттик тил саясаты «кыргыз жараны» бирдиктүү жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө, тилдик жана улуттук-маданий көп түрдүүлүктү сактоого багытталганын кошумчалады.


Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү жана республикада жашаган элдердин тилин кеңири жайылтуу боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду.


Белгилей кетсек, бул иш-чара 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлүүдө.


Эне тилдин бир айлыгы 20-январда башталып, 21-февралда – Эл аралык эне тил күнүндө жыйынтыкталат.


Тегерек столдун ишине президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, дипломатиялык чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү катышты.


 

    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн