Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эдил Байсалов Индияда фармацевтикалык компанияларынын жана бир катар өндүрүштүк ассоциацияларынын жетекчилиги менен жолугушту

07.07.2023 17:01
372
Эдил Байсалов Индияда фармацевтикалык компанияларынын жана бир катар өндүрүштүк ассоциацияларынын жетекчилиги менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон жумуш сапарынын алкагында ушул күндөрү Хайдарабад шаарында өтүп жаткан Индиянын 9-эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компанияларынын жана бир катар өндүрүштүк ассоциацияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында өндүрүш ишканаларын ачуу аркылуу активдүү кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында түз келишимдер аркылуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн “Кыргызфармация” жаңы мамлекеттик ишканасынын ачылышы боюнча тегерек стол уюштурулду.

МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле Индиянын Телангана штатынын жетекчилигинин чакыруусу менен стартаптар, венчурдук компаниялар, корпорациялар, өкмөттөр жана академиялар чөйрөсү ортосундагы кызматташууга көмөктөшүүчү “T-Hub – стартап-экосистем” инновациялык технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттик борборго барды.


Маалымат үчүн: Индиянын бешинчи чоң шаары Хайдарабад, ал Индиянын IT индустриясынын борбору болуп саналат, мында дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык компаниялар жана фармацевтикалык өнөр жайлар жайгашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн