Жети миллионунчу кыргызстандык 16 жашка толгондо колуна 11,5 млн сом алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Твиттер-баракчасында билдирди.
Байсаловдун айтымында, “Айыл Банкта” Жакшылыктын атына “наристе” депозити ачылып, бир миллион сом салынган.
“Депозиттен сырткары Жакшылыктын бактылуу ата энеси Валижан менен Айжаркынга 200 миң сом көрүндүгүн бердик. Ушундай эле белек Президент Жапаровдун чечими менен дагы ар бир облус жана Бишкек, Ошто удаа төрөлгөн сегиз балага тапшырылат”, - деп жазды Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн