Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:48
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эдил Байсалов Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды

26.10.2022 09:35
254
Эдил Байсалов Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Тактап айтканда, ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.


Сапардын алкагында Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.


Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн