Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эдил Байсалов: Конституциянын тегерегинде дискуссиялар жөн эле көз боёмочулук

24.11.2020 12:58
1511
Эдил Байсалов: Конституциянын тегерегинде дискуссиялар жөн эле көз боёмочулук


Мындай пикирин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси, Конституциялык кеңештин мүчөсү Эдил Байсалов Ring.kg сайтына берген мегинде билдирген.


Буга чейин парламентаризм болгон эмес.  Бат эле Атамбаев бардыгын өзү чечип калган.  Анан ал кеткенде Жээнбеков. Мамлекетте президенттерсиз бир да кнопка басылбай калганын мына биз акыркы жылдары көрдүк. Анан кайдагы авторитаризм менен коркутуп атышат?! Мен айтып коёюн, мобул Конституциялык тема элдин жашоосуна эч кандай тиешесин жоготуп койгон. Бул ашып кетсе бир жүз кишиге кызыктуу болушу мүмкүн.  Азыр эң негизги маселе, бул жакырчылык жана жумушсуздук. Биз экономикабызды сөз менен эмес, иш негизинде өстүртүшүбүз керек.  Жакыр, кедей, кембагал мамлекетте демократия эч качан орнотула албайт, канча аракет кылсак дагы. Демократия ийгиликтүү жана ишенимдүү иштеши үчүн орто класс калың катмар болушу керек. Ага жетмейинче мобул азыркы Конституциянын тегерегинде дискуссиялар бул жөн эле көз боёмочулук жана текке кеткен убакыт”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн