Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эдил Байсалов: Курманбек Бакиев өз кызыкчылыктарын коргоого укуктуу

19.05.2023 10:41
269
Эдил Байсалов: Курманбек Бакиев өз кызыкчылыктарын коргоого укуктуу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу айткан пикирлерине комментарий берди.


Байсаловдун айтымында, Бакиев чет өлкөдө болсо да өзүнүн укугун коргой алат.


«Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимди керек деп эсептесе, ошол адамдан  интервью алууга укуктуу. Айрыкча экс-президентке  байланыштуу  маселеге кызыгуу жогору.

 Курманбек Бакиев жаран катары  кылмыш сотунда болобу же өзүнүн абийирин сактоодо болобу өз кызыкчылыгын коргоого укуктуу",- деди Байсалов.


Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Эрулан Кокулов акыркы кезде Курманбек Бакиевди актоо операциясы жүрүп жатканын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн