Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эдил Байсалов Лейлек районундагы мектептердин абалы менен таанышты

25.11.2021 13:27
717
Эдил Байсалов Лейлек районундагы мектептердин абалы менен таанышты


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун Лейлек районундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Алгач, Ак-Арык айылындагы орто мектептин абалы менен таанышкан соң, мектеп капиталдык ремонтко муктаж экенин белгиледи. Ошону менен катар, Кулунду айылындагы "Кулунду-Нур" балдар бакчасы жана Таир Жолдошев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып чыкты.


Андан соң, Лейлек районунун тургундары менен жолугушту.


Ошондой эле, Максат айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун абалы менен таанышып, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын онлайн-форматта өткөрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн