Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эдил Байсалов Лондондо LBMA президенти Пол Фишер менен сүйлөшүү өткөрдү

09.12.2022 09:22
288
Эдил Байсалов Лондондо LBMA президенти Пол Фишер менен сүйлөшүү өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон Кыргызстандын делегациясы Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын (LBMA) президенти Пол Фишер жана уюмдун аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Улуу Британиядагы жолугушууда тараптар Кыргызстандын баалуу металлдарын дүйнөлүк, анын ичинде британиялык рынокко чыгаруу маселесин талкуулашты.

Кыргыз тарап жергиликтүү алтындын дүйнөлүк рынокто сатылуусун кайрадан жандантуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу маанилүү экендигин белгилеген.

LBMA уюмунун адистери Кыргызстандын делегациясы үчүн рыноктун бардык катышуучулары колдонгон талаптар жана принциптер тууралуу маалымат семинарын өткөрүштү. Анда LBMAнын атайын жумушчу тобу тарабынан баалуу металлдар рыногун көзөмөлдөөнүн натыйжалуу кодекси иштелип чыкканы айтылган. Бул кодекс уюмдун бардык мүчөлөрүнө жана Good delivery ("Ишенимдүү жеткирүү") статусуна ээ болгон өлкөлөргө тиешелүү экендиги айтылган.

Кыргызстандан барган делегациянын курамына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев, “Кыргыз алтын” ишканасынын башкармасынын төрагасы Эльдияр Калдарбеков жана каржы министринин биринчи орун басары Улан Даникеев кирген.

Бул иш сапардын алкагында эки тараптык жолугушуулар, ошондой эле ири банктык корпорациялардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмелер өтөт.

Кыргызстан акыркы жылдары алтындын негизги көлөмүн LBMA аркылуу сатып келген, бирок 2021-жылдын июнь айынан баштап (“Кумтөрдө” тышкы башкаруу киргизилгенден кийин) жеткирүү токтогон. Май айында министрлер кабинетинин маалымат кызматы “Кыргыз алтын” кайрадан Лондон фондулук биржасында ишенимдүү камсыздоочу статусун алганын билдирген. Бирок бул LBMA аркылуу алтынды сатууну калыбына келтирүүгө азырынча жардам бере элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн