Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эдил Байсалов Майыптардын эл аралык күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты

02.12.2022 15:40
299
Эдил Байсалов Майыптардын эл аралык күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Майыптардын эл аралык күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Форумдун ишин ачууда Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган эл экендигин белгиледи.


«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамиле жетилген коомдун жана мамлекеттин маданият деңгээлинин көрсөткүчү экендиги талашсыз. Мамлекеттик деңгээлде акыркы жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын жакшыртууга багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды», - деп белгиледи Байсалов жана президенттин «Жарандардын айрым категориялары үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыгын эске салды, ага ылайык, үстүбүздөгү жылы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 100 жана 200%га көбөйтүлдү.


Белгилей кетсек, форум мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, майыптыгы бар адамдардын эмгекке жана билим алууга карай жеткиликтүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында « Менин колумдан келет» деген ураан астында өтүүдө.


Форумдун соңунда жыйынтык резолюция кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн