Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 15:16
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Эдил Байсалов Ош облусундагы социалдык мекемелердин абалын текшерди

20.10.2021 12:10
865
Эдил Байсалов Ош облусундагы социалдык мекемелердин абалын текшерди

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө региондогу социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нариман айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, стоматологиялык пункттун иши жана калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоонун жүрүшү менен таанышты. Ал жарандарды ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана вакцинациядан өтүүгө чакырды.


Андан соң Эдил Байсалов Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына барып, кардарлардан каражат алууну жоюуну тапшырды.


«Билим алууну каалаган бардык жарандарга тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. Жаңы министрлер кабинети ал үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат. Ар бир китепкана эскирген китептерге гана эмес, тийиштүү маалыматты камтыган заманбап материалдарга ээ болуусу керек», - деди Эдиль Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн