Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эдил Байсалов Парижде Адам укуктарынын 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты

11.12.2023 15:33
152
Эдил Байсалов Парижде Адам укуктарынын 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты


Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын эл аралык күнүндө Франция Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов адам укуктарынын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу конференцияга катышты.

Иш чара Париждеги Шайо сарайынын тарыхый залында өттү. Анткени мындан туура 75 жыл мурда, так ушул жерде Бириккен Улуттар Уюмунун III Ассамблеясы расмий түрдө Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Конференцияга алдыңкы саясатчылар, Франция өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Нобель тынчтык сыйлыгынын бир нече лауреаттары, ошондой эле Европадагы жана дүйнөдөгү алдыңкы укук коргоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Конференциянын алкагында Эдил Байсалов бир катар маанилүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Илон Гилмор, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоочулар боюнча атайын өкүлү Мэри Лоулор жана Франция Республикасынын адам укуктары боюнча атайын элчиси Делфин Борион менен жолугушту. Бул жолугушуулар адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана бул жаатта тажрыйба алмашуу багытында өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Франция Республикасынын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө, ал Франциянын президенти Эммануэль Макронго жылуу сөздөрдү жана салам жолдоду.

Бул маанилүү окуя Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык деңгээлде адам укуктарын бекемдөөгө жана коргоого милдеттемесин, ошондой эле маанилүү гуманитардык маселелер боюнча глобалдык диалогду илгерилетүүдөгү ролу чоң экендигин баса белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн