Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:19
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Эдил Байсалов Саха өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен жолукту

26.08.2024 16:59
295
Эдил Байсалов Саха өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сергей Местников менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиянын алдыңкы аймактарынын бири менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Ноябрь айында Кыргызстанда Якутиянын маданият күндөрүн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешкендер ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан хапсагай боюнча якут күрөшүнүн биринчи дүйнөлүк чемпионаты ийгиликтүү өтүп жатканын белгилешти. Мелдешке 34 өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышууда.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүү жагына даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн