Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаевге жооп кайтарды.
Анын айтымында, Атамбаевдин огунан каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун 6 баласы да атасын сагынат.
"Кой-Таш окуясында каза болгон полковник Үсөнбек Ниязбековдун 6 баласы кандай сагынып жатат? Урматтуу депутат Сеид Атамбаев, балдарыңызга чоң атасы эмне үчүн абакта отурганын жана офицерди атуу чоң кылмыш экенин түшүндүрүшүңүз керек", - деп билдирүү калтырган Байсалов.
Пикирлер (2)