Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:16
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Эдил Байсалов: Temirov Live'дин Ташиев тууралуу иликтөөлөрү боюнча пикирин билдирди

12.05.2022 15:05
839
Эдил Байсалов: Temirov Live'дин Ташиев тууралуу иликтөөлөрү боюнча пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Вечер трудного дня” телеберүүсүнүн эфиринен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдарынын дарегине айтылган айыптарга комментарий берди.


Анын айтымында, журналисттин иликтөөсүндө айтылып жаткан тендердин сметалык баасы 100 миң сомду түзгөн. Өз кезегинде бүтүмдөн алынган таза пайда 9 миң сомго жакынды түздү.


“Ташиевдин балдары тендерлерден ута баштаганына басым жасап жарыяланган иликтөө таза манипуляция. Камчыбек Ташиев өз ишин дээрлик жол боюнда цистерна менен бензин сатуудан баштап, андан соң Жалал-Абад облусунда май коюучу станцияларды ачуу менен чоң бизнесин өнүктүргөн адам экенин эл унутуп калды. Камчыбек Кыдыршаевич барына өзүнүн эмгеги менен жетип, бизнесмен гана эмес, ишкер, саясатчы, мамлекеттик ишмер да болду. Ал эми тендерлерди ал Аскар Акаевдин тушунда эле утуп келген”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн