Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эмне үчүн кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу ал "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Марипов чечимдерди кабыл алууда кечиккен.
"Президент Садыр Жапаров ыкчам аракет көрүүнү талап кылып жатат. Тилекке каршы, Улукбек Марипов документтерге кол коюуда жана чечимдерди чыгарууда кечигип жатты",- деди Байсалов.
Пикирлер (2)