Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча парламенттин сунушуна комментарий берди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңешти “цирк” деп атаган эмес, айрым институттар (саясатчынын билдирүүсүн жарыялаган ММКлар) туура эмес чечмелеп жатышат.
«Парламентти цирк деп атаган эмесмин. Баары сонун, баары жакшы, биз сүйүктүү өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн, демократиянын гүлдөшү үчүн иштеп жатабыз. Парламентти күчтөндүрүү үчүн менден да көп иштерди жасаган бир нече адамдар бар. Ар бир адам туура, Конституцияга ылайык иштеши керек. Президенттин тегерегине чогулуп иштешибиз керек. Бул жерде жеке эч нерсе жок. Мен башкалардан келесоо эмесмин жана ар бир депутатка мамиле табам. Бирок, кечиресиз, биз белек бергени келген жокпуз», - деди Эдил Байсалов.
Белгилей кетсек, буга чейин Kaktus.media сайтында министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын парламентти цирк деп атаган маеги жарыяланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн