Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 17:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эдил Байсалов билим берүү тармагын түп-тамыры менен реформалоо керектигин белгиледи

17.02.2023 10:54
664
Эдил Байсалов билим берүү тармагын түп-тамыры менен реформалоо керектигин белгиледи

Аралык чечимдерди кабыл алуу мезгили өттү жана Кыргызстан бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин мамлекеттик системасына болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүшү зарыл. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2023-жылга карата артыкчылыктуу багыттары каралды.


Эдил Байсалов Билим берүү министрлиги тарабынан орто жана жогорку билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өлкө жетекчилигинин багытын ишке ашыруунун биринчи этабындагы акыркы бир жылда аткарылган иштердин көлөмүнө баа берди.


«Биздин мектептер менен университеттер 21-кылымдын ортосунда дүйнөлүк коомчулукта атаандаштыкка жарамдуу, компетенттүү жана татыктуу жарандарды даярдашы керек. Тилекке каршы, билим берүү деңгээлибиз бүгүнкү күндүн талабына да жооп бербей жатканын көрүп жатабыз. Андыктан министрлик жалпы педагогикалык коомчулук менен биргеликте 2025-жылдан баштап мектепти түп-тамырынан бери өзгөртүү боюнча ырааттуу программаны иштеп чыгышы керек. Жасалма интеллект доорунда балдарды 19-кылымдын ыкмалары боюнча окута албайбыз», - деди Эдил Байсалов.


Коллегиянын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, реформалардын жүрүшүн тездетүү, педагогдордун жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн