Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 17:24
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Эдил Байсалов коронавирустун 4-толкуну качан аяктарын айтты

19.01.2022 15:52
1043
Эдил Байсалов коронавирустун 4-толкуну качан аяктарын айтты

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү коронавирус илдетинин күчөшү жана жазгы талаа иштери боюнча депутаттарга маалымат берип жатат.


Жыйын башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус илдетинин күчөп жатканын белгиледи.


"Ооруканага жатууга муктаждардын жана катуу ооругандарды эмки жумадан кийин көрө баштайбыз. Бишкек, Ош шаарларында жуктургандар өсүп жатат. Эгер көбөйүп кетсе ооруканаларга кабыл ала алабызбы, күчүбүз жетпей калбайбы деген коркунуч турат. Биз азыр толкундун жогорку чегине чыктык. Илдет март айынын башы, орто ченине чейин уланат. Ошону менен коронавирустан арылабыз деген үмүт бар", — деди Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн