Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эдил Байсалов президент айткан "лжепатриоттор" кимдер экенин айтып берди

14.08.2022 20:38
3913
Эдил Байсалов президент айткан "лжепатриоттор" кимдер экенин айтып берди

Президент өлкөдөдөгү ири долбоорлор боюнча пикирин айтып, мындай өлкө үчүн керектүү жана пайдалуу иштерди негизсиз жолтоо болгондор жөнүндө айтып өттү. 


Лже-патриоттор дегендер ким?


Алардын максаты так эле белгилүү: кандай болсо дагы кайсы бир шылтоону таап, ызы-чуу салып, азыркы стабилдүүлүктү бузуп, кезектеги төңкөрүш уюштуруу. Ички сырткы заказчиктери да анык. Өздөрү деле жашырбайт: баланчадан мынча акча келди, мобундай план иштелип чыкты деп айтып мактанышат.


Лже патриоттор бийликке “элдин жашоосун оңдогула, иш орундары менен камсыз кылгыла, казынаны толтургула” демиш болуп, өкмөттүн кандай гана ниет иш чарасы болбосун, ошо замат жамандап, элдин пикирин тескери буруу менен алек, иши кылса, мамлекеттин ийгиликке жолун бууганга дуушар. “Чем хуже, тем лучше” деген лозунг менен жашашат.  Мекенибиз өнүкпөй, ачарчылык болсун деп турушат. “Булардын колунан эч нерсе келбейт, келиши да мүмкүн эмес, мына көрдүңөрбү” деп - кайра эле тээтиги биринчи максат, тезирээк дагы бир ызычуу болуп, бийлик кулап калса, өздөрү жана кожоюндары кайра такка отурса…


Лже-патриоттор “бул жерде беш триллион доллар жатат, бирок мен аны элге бербейм, канымдын акыркы кашыгына чейин күрөшөм, бирок бербейм” деген даана акмак жана чыныгы эл душманы-чыккынчынын сөзүн колдогондор.  Карапайым эл, айылдыктарда күнөө жок. Көбүнчөсү түшүнүп түшүнбөй эле дүрбүлөңгө алынгандар. Кеп жанагы өзүн шумдук аналитик, серепчи, улут уяты (совесть нации) болуп алган журналист сөрөйлөр жөнүндө болуп атат.  Көрсө, ошентип “элиме жакшылык каалабайм” - дегендер накта патриот, “жок, бул байлык жалпы элдики, элибиз өссүн, өнүксүн” дегендер тескери “жалданма” экен да.  Мына анан ошондой “коомчулук өкүлдөрүн” анан кантип лже-патриот дебейсиң.


Лже-патриоттор бул канча жылдан бери “демократия, демократия” деп кыйкырып жүрүп, бизге сабак окуп, тим эле алардан өткөн элдик болууга мүмкүн эместер, анан накта элдик лидер элдин күчү менен суурулуп чыгып, демократиялык жолу менен элинин 92 пайыз добушун алып, шайлоодон бери кандай гана кыйынчылыкка карабай убадаларын аткарып келатса дагы - аны ыраа көрбөй, “бул демократия эмес” деп мурдун чүйрүгөндөр.  Алардын кыялында, элибиз алардын “реформа” деген сөзүн ээрчип, ошолорду шайлаш керек эле.  Андай болгон жокпу, булар эч качан эл шайлаган бийликти жактырып, баш ийишпейт. Эл бийлиги - демократиянын негизги мыйзам эрежесин тааныбай бузгандар накта лже-патриоттор.


Лже-патриоттор бул ошол Батыш жана башка өнүккөн мамлекеттердин ийгилигине суктанып, “алар эч качан кендерин казган эмес, жалаң эле мээнин күчү менен өнүккөн” деп карандай калп айткандар.  Же чын эле булар ушунчалык дөдөй беле ыя? Балким чын эле өздөрү ошол апыртмаларына ишенишеби же? Элинин өнүгүүсүн каалабай, калп эле, кайра кайра бизге башка мамлекеттерди мисал келтирип, бирок өзүбүз ошондой өнүгөлү, катуу иштейли десек элдин үмүтүн үзгүндөр - классикалык лже-патриоттор.


Лже-патриоттор бир канча. Аз эмес.  Өткөн жылдары бизде улуттук кызыкчылык деген түшүнүк жоголду.  Азыркы электрондук коомчулукта, соцтармактын да алгоритмдери эң тескери элементтерди, эң бузуку ойду айтсаң, ошончо көп эмоция козгосоң, тезирээк жайылтат экен.  Канча деген жаштар муруңку тарыхтан туура эмес сабак алып, “эмне болсо дагы бийликти жамандаш керек, эртеби-кечпи баатыр болуп чыга каламын” деп тескери жыйынтыкта адашып калышты.  


Пейил бузулганын жакшы билет элибиз.  Бул өтө чоң көйгөй. Эң чоң!  Бир канча бузукуну тартипке тартуу керек.  Бул мамлекеттин бирден бир милдети.  Жөн жерден ызычуу салгандар.  Өзүн өзү элине карама каршы койгондордун накта жүзүн ачалы. Элибиз көрсүн, эмне кызыкчылык менен алар аракеттенерин, кара санатай ойлорун билсин.  Бир канчаларына көңүл деле бурбаш керек.  Чын эле. Алардын жаагы өзү менен басылат.  Азыркы мамлекет сөзсүз өнүгөт.  Мекенибиз гүлдөйт!  Тогда и посмотрим, кто прав, а кто не прав!


Алга!

Эдил Байсалов, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Т
Мен Токтогонов Сабыркул ушул Жетим Тоо жайгашкан ороондо турам.Менин бийликтегилерге кайрылганым бизде Эл Кен кандай казылары жонундо жакшымаалымат жок.Ошондон пайдаланып.кээ Бир лже-патриоттор Элди коркутуп коркутуп , Кен казылса катастрофа болот монгунун баары талкаланат ,жайлоонун баарыталкаланат Ж,б депэлди бузуп ,бийлик менен каршылаштырып жатышат.Ушундан саясий очко топтогусу келгендери, элге арзаныраак жол менен патриот корунгусу келгендер башка Оз кызыкчылыктары бар кишилер бар