Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:41
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Эдил Байсалов: "Кылыбыз кыйшайбайт" деген сөзүм туура эмес чечмеленүүдө

15.11.2021 11:18
796
Эдил Байсалов: "Кылыбыз кыйшайбайт" деген сөзүм туура эмес чечмеленүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аткаруу бийлиги коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин толук көзөмөлүндө иштерин бүгүн 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес сектордун кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты. Ал өкмөт кызматташтык үчүн ачык экенин, парламенттин азыркы да, жаңы шайланып келе турган да чакырылыштарынын толук көзөмөлүндө болорун белгиледи.


Ошону менен катар ал “кылыбыз кыйшайбайт” деген сөзү түрдүү чечмеленип, айланасында “ар кандай спекуляция жүрүп жатканын” айтты. Байсалов “Бийлик башкача ойлонгондорду кысымга алары, ачык болбой турганы жана көзөмөл жок болору” жөнүндө сөздөр чындыкка дал келбесин кошумчалады.


“Сөз жаңы Конституция катардагы кайсы бир депутаттын пикири бүткүл мамлекеттик аппарат үчүн түздөн-түз буйрук катары эсептелген “120 президенттин” бийлигине чекит койгону тууралуу болуп жатат”, - деди ал.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Еми актанып баштады,ел додойбу туура емес тушунгудой.