Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эдил Байсалов: жаңы министрлер кабинети тажрыйбалуу адистерди ишке тартат

27.10.2021 11:59
710
Эдил Байсалов: жаңы министрлер кабинети тажрыйбалуу адистерди ишке тартат

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Эдил Байсалов Япония өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы кызматташтык алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иш күчөтүлөөрүн белгиледи.


Тараптар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеп Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы (JDS) тууралуу жүрдү.




«Сиздерге белгилүү болгондой, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар керек. JDS програмасы боюнча билим алган мамлекеттик кызматкерлердин жумушчу орду гана сакталбастан, алар окуусун аяктаган соң карьералык өсүүсү камсыздалат. Биз аталган программа жана башка өнүктүрүү долбоорлору алкагында кызматташтыгыбызды күчтөндүрөбүз», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн