Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиясында өткөн акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Эдил Байсалов бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктагандыгы менен куттуктап, аларга мындан ары да окуудагы мыкты ийгиликтерди каалады.
«Бүгүн бизди толкундаткан өзгөчө күндү - акыркы коңгуроону белгилеп жатабыз. Бүгүнкү биздин жаш мектеп бүтүрүүчүлөрү, сиздердин талантыңар артып, күчкө толуп турасыздар. Силердин билим алууңуздар жыйынтыктала элек, ал эми башталат. Мындан ары силер өз алдынча билим алып, жеке өзүңөргө да баа бересиңер. Алдыда дагы бир мектеп - турмуштун мектеби башталат. Келечекке карай артыкчылыктарды туура коюп, алдыга коюлган максаттардан тайбагыла. Өзүңөргө ишеним күч болуп, кыялдарыңар ишке ашсын! Ата-бабаларыбыз “Жаштын тилегин берет” деп келген. Ушундай тилектер менен бүгүн сиздерге бийик жеңиштерге жана жетишкендиктерге карай ак жол каалап кетким келет», - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бүтүрүүчүлөргө бир катар кеңештерин берди.
«Мурда мектеп бизге жана биздин ата-энелерибиз сыяктуу улуу муунга мектеп программасын өздөштүрүү менен чектелген базалык билим берип келген. Бүгүн заман башка жана ал азыркы бүтүрүүчүлөрдүн алдында өзгөчө талаптарды коюуда. Билимге ыкчам ээ болууга үйрөнүү зарыл. Үзгүлтүксүз билим алуу керек, себеби, жаңы жөндөм жана ыкмаларды талап кылуу менен дүйнөдө баардыгы ыкчам өзгөрүүдө», - деди Эдил Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн