Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ефрейтер жана прапорщик баңгизат колдонууга жана сатууга шектелип кармалды

15.04.2022 14:57
558
Ефрейтер жана прапорщик баңгизат колдонууга жана сатууга шектелип кармалды

КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери баңги затын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча КР УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. кармалды.


КР Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.


КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди.


Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн