Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт боюнча Садыр Жапаров комментарий берди

28.08.2024 09:31
963
Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт боюнча Садыр Жапаров комментарий берди


- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өзүңүз деле байкасаңыз керек, акыркы күндөрү соцтармактын кыргыз бөлүгүндө чет элдик аткаруучулардын Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң концертке келери эң эле көп талкууланган темага айланды. Алар чындап эле өздөрү демилге көтөрүп, акысыз ырдап берели дештиби?

– Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми биздин көз карандысыздыгыбызды куттуктап, эли-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы.

– Гонорар албаса аларга келип эмне азап? Ишенбегендер дал ушул жүйөөнү келтирүүдө...

– Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз.

– Сиздин пикирде эмне үчүн ушундай талаш-тартыш болууда? 

– Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз.

Маектешкен: Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев

Булак: Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн