Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды

30.08.2021 11:36
716
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

 

    Бүгүн Баткен шаарынын ИИМ Баткен облусу боюнча атайын багыттагы полкунун имаратында алдында КР ИИМнин күч кызматкерлеринин 31-август майрамына карата саптык кароосу болуп өттү. 

 

    Бул саптык кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери катышты.

 

   Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери облус аймагындагы коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууда көп жылдардан бери үзүрлүү жана жигердүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз республикасынын ИИМнин медалдары, Баткен ОИИБнын ардак грамоталары менен сыйланышты. Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов: “Майрам күндөрү коомдук тартип башкы орунда болот, биз өз милдетибизди так жана кыраакы аткарышыбыз керек” деп белгилеп, өздүк курамды кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү менен куттуктап кетти.


    Баткен облусунун аймагында Кыргыз республикасынын ИИОнун 500дөн ашуун кызматкери 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн