Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эгер конок келбесе, ар кандай үй мүрзөгө айланып кетмек

06.03.2024 11:29
285
Эгер конок келбесе, ар кандай үй мүрзөгө айланып кетмек


Адам конокко келгенде өзүнүн эмес, үй ээлеринин убактысын коротот.

(Оскар Уайлд)


Чакырылбаган конок кетип атканда гана жагымдуу көрүнөт.

(Уильям Шекспир)


Үйү жок кишинин эшиги баары үчүн ачык.

(Станислав Ежи Лец)


Эгер конокторуң эригип атса, анекдот айтып бер. Кетпей жатышса, анекдотту кайра-кайра айт.

(Константин Мелихан)


Конокторум саатты көрүшпөсө да менин жүзүмдү карашпайбы...

(Ральф Эмерсон)


Эгер конокторум эртерээк кетсин десең, алардан карызга акча сура. Эгер көпкө отурсун десең, кеңеш сура.

(Стас Янковский)


Коногуң кофе ичкиси келбесе, демек, ром ичкиси келип атыптыр.

(Мария Фариса)


Меймандос киши ит бакпайт.

(Алексей Иванов)


Бай конокту жыгылып кетпесин деп карашса, кедей конокту бирдекени уурдап кетпесин деп карап турушат.

(Орус накылы)


Эгер конок келбесе, ар кандай үй мүрзөгө айланып кетмек.

(Халил Жебран)


Меймандостукту атүгүл таш дагы түшүнөт.

(Армян накылы)


Бирөөнүн эшигин эки жолу какпаш керек: балким, сен туура эмес убакытта келгендирсиң, а балким, сага орун жоктур...

(Вадим Синявкий)


Эгер мен үйдө жок болсом, эч тартынбай эле эшигимди кага бергиле.

(Михаил Мамчич)


Азыркы кымбатчылык заманда меймандын баары кымбаттуу кишилер.

(Борис Ковалерчик)


Эң күтүүсүз мейман – бул белеги жок келген мейман.

(Белгисиз автор)


Келип сүйүнтпөгөн конок кетип сүйүнтөт.

(Александр Минченков)


Кээ бир меймандардын кылыгын карап отуруп, меймандостук мыйзамын бузганың үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбаганына сүйүнүп кетесиң.

(Сабир Омуров)


Биз бул жашоодо жөн гана конок эмес, чакырылбаган конокпуз. Бизге болгон мамиле да ошого жараша.

(Игорь Карпов)


Үй ээси меймандын ар бир өтүнүчүн аткарууга тийиш. Ал эми мейман болсо эчтеке суранбаганы дурус.

(Хуго Штейнхаус)


Сыйлуу конок көпкө отурбайт.

(Марианна Мур)


Чочкону мейманга чакырсаң валидолуң жаныңда болсун.

(Николай Суденко)


Чакырылган конок чакырылбаган конокко караганда жакшы болуп чыгарына ким кепилдик берет?

(Илья Герчиков)


Эгер киши сенин үйүңө жакшы ой менен келсе, ал күнү ырахат алам деп үмүт кылбай эле кой.

(Фаина Раневская)


Үй ээси кандай болсо, Кудай ага ошондой конокту жиберет.

(Немис накылы)


Жакындарың алыс, алыстар болсо жакын – ошон үчүн алыстарга барасың.

(Эмил Кроткий)


Кош деген сөз үч эле тамгадан турат. Бирок, ар бир эле адам аны жыйырма сөз менен айта албайт.

(Тони Петтито) 


Ит келген кишини карап үрсө, адам кеткен кишини карап “үрөт”.

(Магдалина Самозванец)


Мейманчылап келсе душманыңды да дос деп бил.

(Түркмөн накылы)


Маймылды жаңгак же деп чакырба (баарын жеп салат).

(Орус накылы)


Конок аз жейт, көптү көрөт.

(Украин накылы)


Нан менен туз каракчыны да өлтүрөт (ийге келтирет).

(Орус накылы)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн