Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 16:34
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылды

24.04.2023 09:24
865
Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылды

Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өспүрүм ата-энеси менен үйүндө.

"Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КР ТИМи кечээ, 23-апрелде Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жатканын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн