Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эки жаран диний экстремисттик уюмдан баш тартты

07.12.2022 12:55
236
Эки жаран диний экстремисттик уюмдан баш тартты


                                                                                                                          

          Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу-профилактикалык иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда. 

   

    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей,    көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы туулган А.А.Н. аттуу тургуну жана 1983-жылы туулган О.Д.И. радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

     

    Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

   

      Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.


         

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн