Теке 27, 2024
Убакыт: 14:03
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Экинчи жоокер изделүүдө. ИИМ Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берди

20.11.2023 17:25
335
Экинчи жоокер изделүүдө. ИИМ Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берди


Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берип, аны атып салган экинчи жоокер изделип жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-ноябрда болжол менен саат 05:50дө эки жоокер кароолдо турганда болгон.

"Кара-Көл шаарындагы №7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган 2002-жылы туулган жоокер өзү менен кызмат өтөгөн жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде көз жумган. Окуядан кийин катардагы жоокер У.Б. өзүнүн куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка кетип калган. Учурда ага издөө жарыяланды", - деп жазылган билдирүүдө.

Каза болгон аскер 20 жашта. Анын өлүмүнө байланыштуу териштирүү уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн