Аяк оона 18, 2024
Убакыт: 14:18
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Экономика министринин орун басары Исламабадда өткөн ШКУнун жыйынына катышты

13.09.2024 16:58
214
Экономика министринин орун басары Исламабадда өткөн ШКУнун жыйынына катышты


Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Пакистандын Исламабад шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүн тейлеген министрлердин жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында делегация башчылары ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келечектүү пландарды жана чараларды талкуулашты. ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинде бул жылы төрагалык кылуу Кытайга өткөнү жана 2025-жыл ШКУнун алкагында туруктуу өнүгүү жылы деп жарыялангандыгы айтылды.

Санжар Болотов өзүнүн сөзүндө Кыргызстандагы санариптик өнүгүүнүн учурдагы жана келечектеги багыттары, анын ичинде электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди. Ал кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири колдонуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, "жашыл" долбоорлорду илгерилетүү, эл аралык соодадагы тоскоолдуктарды кыскартуу жана климаттык каржылоону тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министрдин орун басары ошондой эле электрондук коммерция жаатындагы активдүү кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрдин орун басары ШКУ өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен тышкы экономикалык байланыштары үчүн маанилүү экенин белгилеп, 2023-жылы алардын үлүшүнө өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 67,9% туура келгенин, анын ичинде экспортто 49,6%, импортто 72,8% түзгөнүн, ал эми 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 73,6%, 52,4% жана 78,0% чейин өскөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, аны аймактык жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн негизги роль ойной турганын айтты.

Иш-чаранын алкагында Санжар Болотов Кытай, Иран жана Пакистандын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык кызматташтык жана өнөктөштүктү чыңдоо маселелерин талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн