Кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун - андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.
Ал өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.
Жолугушууда экономика министри Санжар Муканбетов учурдагы өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Ал республиканын учурдагы макроэкономикалык тенденциялары, ошондой эле посткризистик мезгилге карата пландар жана болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, бизнес учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөткө жардам берүүнү каалайт. Ал бир катар сунуштарды айтып, кризис бизнести оор абалга кептегенин, бирок ошол эле убакта экономиканы реформалоого түртүп жаткандыгын белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темир Ажыкулов, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева, Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Мансур Абылаев, «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапар Асанов, бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев, Мөмө-жемиш ишканалары ассоциациасынын аткаруучу директору Дилбар Алимжанова баяндамалары менен чыгышты.
Алар өз тармактарындагы проблемалар жана жалпы эле түзүлгөн кырдаалда чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн туш болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып беришип, бир катар сунуштарын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн