Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Экс-депутат Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип камалды

11.02.2022 13:09
678
Экс-депутат Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип камалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар алынган. Тактап айтканда, ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты болгон А.А. аттуу жаранынын алдамчылык аракеттеринен улам 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болду. Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылган.


10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн