Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экс-депутат Самат Ибраевди үйдөн күч менен чыгаруу токтотулду

14.07.2023 16:24
411
Экс-депутат Самат Ибраевди үйдөн күч менен чыгаруу токтотулду


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраевди борбор калаанын Предгорный тилкесинде жайгашкан үйдөн мажбурлап чыгаруу токтотулду.


Бүгүн, 14-июлда сот аткаруучулар турак жайды бошотушу керек болчу, бирок эртең менен Бишкектин административдик соту үйдөн чыгарууну токтотуу чечимин чыгарган.


Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Сталбек Токтомамбетов ЖКнын мурдагы депутаты Самат Ибраев 2020-жылы жаран Кырбашевага карызын төлөө үчүн кайра каттоодон өткөн үйдү бошотпой жатканын билдирген. 2019-жылга чейин экс-депутат Нуржан Иманкулованын жубайы үй ээси болгон.


Учурда бул үйдө Ибраевдердин үй-бүлөсү жашайт.


Бул көчүрүү биринчи аракет эмес. Май айында сот аткаруучулар мажбурлап чыгарууну ишке ашыра алышкан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн